Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому (2017.04.01. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому

(2017.04.01. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

КР Өкмөтүнүн 2017.04.01. № 6 токтомуна ылайык 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо (1-тиркеме);

- КР Өкмөтүнүн 2016.04.01. № 6 токтомуна ылайык үчүнчү абзацы күчүн жоготкон

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо (3-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тууралуу жобо (4-тиркеме);

- «Инфо-Система» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (5-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы (6-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо булактары болуп республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары аныкталсын.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфо-Система» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфо-Система» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

 

1-Тиркеме


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу