Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Эхинококкоз жана альвеококкоз ыйлаакчалары тастыкталган адамдардын арасында (пилоттук) Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда 2017-2019-ж.ж. лабораториялык мониторинг жүргүзүү менен превентивдик дарылоо программаны жүзөгө ашыруу боюнча» Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 99 буйругу

Эхинококкоз жана альвеококкоз ыйлаакчалары тастыкталган адамдардын арасында (пилоттук) Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда 2017-2019-ж.ж. лабораториялык мониторинг жүргүзүү менен превентивдик дарылоо программаны жүзөгө ашыруу боюнча

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 99 буйругу

 

Республикабыздын саламаттык сактоо уюмдарында актуалдуу проблемалардын бири болуп калк арасында эхинококкозго жана альвеококкозго каршы оору менен күрөшүү жана алдын алуу болуп саналат.

2016-жылдын жыйынтыгына карата республикабызда эхинококкоздун 962 учуру, анын ичинен альвеококкоздун 150 учуру катталган. Бардык катталгандардын арасынан 14 жашка чейинки балдар 38 учурду түзөт.

Оорунун көбүрөөк катталганы Алай, Чоң-Алай, Ат-Башы жана Тоң райондорунда байкалууда. Алай жана Кочкор райондорунда альвеококоз дартынын табигый очоктору жанданууда.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу»(пилоттук) Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда 2017-2019-ж.ж. ичинде «эхинококкоз жана альвеококкоз ыйлаакчалары тастыкталган адамдардын арасында (пилоттук) Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда 2017-2019-ж.ж. лабораториялык мониторинг жүргүзүү менен превентивдик дарылоо» Программасын иштеп чыгуусу талап кылынууда.

Эхинококкоз жана альвеококкоз оорусуна каршы эпидемиологиялык комплекстүү иш-чараларын күчөтүү жана алдын алуу максатында буйрук кылам:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

1.1. «Эхинококкоз жана альвеококкоз ыйлаакчалары тастыкталган адамдардын арасында (пилоттук) Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда 2017-2019-ж.ж. лабораториялык мониторинг жүргүзүү менен алдын ала дарылоо» программасын жана жүзөгө ашыруу планы (тиркеме 1, 2).

2. Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги (Тойматов С.Ш.), саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысына (Исмаилова Б.А.):

2.1. Нарын облусунун Кочкор районунда жана Ош облусунун Алай районунда эхинококкоз жана альвеококкоз ыйлаакчалары тастыкталган адамдардын арасында алдын алуучу дарылоону уюштуруу жана өткөрүүнү жөнгө салуусу;

Мөөнөтү: программанын ишке ашыруу планына ылайык.

2.2. Улуттук хирургия борборун эхинококкоз жана альвеококкоз ыйлаакчалары тастыкталган адамдардын арасында алдын ала дарылоо жана диспансердик байкоо жүргүзүү боюнча жоопкерчиликтүү уюму катарында бекитилсин.


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу