Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 717 токтому

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 717 токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасы ага «Сокулук гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасын жана «Ош гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасын кошуу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык, экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы

«Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишкаиасынын

уставы

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.

2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.

3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын, «Сокулук гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасынын жана «Ош гидрогеологиялык партиясы» мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.

Ишкана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш иет.


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу