Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

Страница 1 из 2 | «Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому

Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын натыйжалуу башкаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясы (мындан ары - Стратегия) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө Стратегияны ишке ашыруу боюнча Орто мөөнөттүк иш-аракеттердин планын (мындан ары - Иш-аракеттер планы) иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Стратегияны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору квартал сайын, отчёттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отчёттук айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган малыматты берип турсун.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө тапшырылсын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 22-декабрындагы № 696

токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата

стратегиясы

 

1. Киришүү

 

Мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасында 2017-2025-жылдар мезгилинде мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоонун багыттарын жана артыкчылыктарын белгилейт.


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу