Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө» Макулдашуу долбоору (2017-жылдын 12-апрели)

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан

коргоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө

Макулдашуу

 

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 117-б буйругу менен макулдук берилген

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги,

тең укуктуулуктун жана өз ара ызатташуунун негизинде, калктын ден соолугун чыңдоо, элдер арасындагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында,

төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:

 

1-берене.

 

Тараптар теңчилик жана өз ара түшүнүшүү принциптерине таянуу менен, ошондой эле өз ара пайдага жана алардын улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара макулдашуу боюнча төмөнкү жааттарда кызматташууну макулдашты:

а) саламаттык сактоо системасын күчөтүү;

б) жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү жана вакцинация;

в) саламаттык сактоонун оорукана башкармалыгы системасы менен маалыматтык системасын иштеп чыгуу;

г) саламаттык сактоо жаатындагы статистика;

д) эне жана баланын ден соолугун коргоо;

е) саламаттык сактоо жаатындагы кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;

ж) медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;

з) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча маалыматтарды алмашуу;

к) жугуштуу жана мите ооруларынын абалы жөнүндө маалымат алмашуу;

л) Тараптардын мамлекеттеринин чек арага чектеш райондорундагы трансмиссивдүү ооруларды локалдаштыруу боюнча алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө уюштуруучулук-практикалык жардам көрсөтүү.


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу