Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчёту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 1480-VI токтому

2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчёту жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 1480-VI токтому

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын отчёту бекитилсин жана канааттандырарлык деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

- мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерди мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрдү чектөөгө байланыштуу «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы Жарлыгынын талаптарын аткаруу тууралуу иштерди улантсын;

- соттук аткаруучулар кызматынын бөлүкчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 44-статьясынын 8 жана 9-бөлүктөрүнүн (жазалоолорду мамлекеттин кирешесине айып салуу түрүндө аткаруу жаатында) талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча талаптагыдай иш алып барсын;

- жарандарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, акталган иштер боюнча жазык иштерин мыйзамсыз козгоо фактылары боюнча иштерди иликтөөнү жана талдоону жүргүзсүн жана кызмат адамдарынын (оперативдүү кызматкерлердин, тергөөчүлөрдүн жана айыптоо корутундуларын бекиткен прокурорлордун) иш аракеттерине баа берсин;

- процесстин катышуучуларынын келишин камсыз кылуу үчүн прокурорлорго иштерди кайтарып берүү фактыларын азайтуу менен сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу процессин создуктурууга жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;

- жумушка кайрадан орноштуруу жөнүндө Башкы прокуратурага карата доолор боюнча соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;

- жазык ишин тергөөдө тергөөнүн караштуулугун бузууга жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;

- диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иштерге көзөмөлдү күчөтсүн;


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу