Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтому

 

112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматты андан ары өнүктүрүү, министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кырсыктарга, кыйроолорго, өрт кырсыгына, табигый кырсыктарга, табигый жана техногендик мүнөздөгү башка өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүүсүн уюштуруу боюнча туруктуу иштөөчү нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматтардын ишин өркүндөтүү, калк менен болгон байланышты камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 «Бирдиктүү шыр байланыш» туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы «2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги»:

- 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматы аркылуу оперативдүү кызматтарды чакырууну камсыздоо системасын Кыргыз Республикасынын бардык аймагына андан ары этап-этабы менен киргизүүнү улантсын;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.»;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бирдиктүү шыр байланыш» туруктуу иштөөчү кызмат жөнүндө жободо:

- бүткүл текст боюнча «Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бүткүл текст боюнча «директор» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «жетекчилик» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

«- үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону камсыздоонун зарылдыгы жөнүндө кайрылуулар;»;

- 18, 19 жана 21-пунттардагы «Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу