Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

Страница 1 из 2 | Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамы (2017.24.01. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

Кыргыз Республикасынын
мыйзамы
 
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө

(2017.24.01. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

 

2008-жылдын 2-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса 2009-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон салыктык укук мамилелерине жайылтылат.

 

3-берене КР 2009.27.03. № 84 мыйзамынын редакциясында берилген (мур. ред. караңыз)

КР 2010.10.02 № 25 Мыйзамына ылайык (колдонууга киргизүү мөөнөтүн караңыз) (мур. ред. караңыз); КР 2012.06.10. № 169 Мыйзамына ылайык (мур. ред. караңыз)(2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет) 3-беренеге өзгөртүүлөр киргизилген

3-берене.

 

1. 2009-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жер салыгы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринен башка мүлккө салык киргизилсин.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, 2010-жылдын 1-январынан тартып 1-, 2- жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча мүлк салыгы киргизилсин.

3. 2014-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.

4. Эгерде турак үй, квартира, дача үйү турак жай катары убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсе, анда бул объект 2012-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген салык салынуучу мүлк обьектисинин 1-тобуна киргизилет.

5. 2010-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген 1-топтогу мүлк объектилери боюнча мүлк салыгын эсептөөнүн төмөнкү тартиби белгиленсин:

1) ушул берененин максаты үчүн мүлк салыгынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

 

СӨ = СБӨ х Кр х Кз, мында:


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу