Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу (Анкара шаары, 2014-жылдын 3-июну)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө
Макулдашуу
(Анкара шаары, 2014-жылдын 3-июну)

 

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары «Тараптар» деп аталып),

Эки өлкөнүн ортосунда медициналык илим жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну бекемделишин каалап,

Төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

 

1-берене. Кызматташуу тармактары

 

Тараптар, теңдик жана өз ара жактыруучулук принциптерге негизделип, өз ара пайдасына жана улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара макулдашуу боюнча төмөнкү тармактарда кызматташат:

а) саламаттык сактоо системаларын күчөтүү;

б) инфекциялык оорулар менен күрөшүү жана вакцинация;

в) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын жана ооруканаларды башкаруу системаларын иштеп чыгуу;

г) саламаттык сактоо статистикасы;

д) эне жана баланын саламаттыгын сактоо, эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу;

е) саламаттык сактоо тармагында кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;

ж) медицина, фармацевтика жана медициналык жабдыктар тармагында маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;

з) табигый кырсыктар болгон учурда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жана тез медициналык жардам кызматтарын уюштуруу;

и) сакайтуучу туризм.

 

2-берене. Кызматташуу методдору

 

Тараптар, өз ара пайдасына төмөнкү чөйрөлөрдө өз ара кызматташат:

а) маалымат жана тажрыйба алмашуу;


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу