Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбеков тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Ч.А. Турсунбеков

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI

токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишеним жана биримдик»

Программасы

 

I. Киришүү

 

Кыргыз Республикасы 2016-жылы эгемендиктин 25 жылдыгын белгиледи. Өлкө калыптануунун татаал жолун басып өттү, мамлекеттик түзүлүштүн негиздери түптөлдү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик. ЕАЭБге кошулуу Кыргызстандын келечегине кеңири жол ачкан чечимдерден болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо биздин саясий системанын жана коомчулуктун бышып жетилгендигин көрсөттү - Кыргызстан тарыхый сыноону көтөрдү жана ачык жана таза шайлоо өткөрдү. Бул мамлекеттин көз карандысыздыгын андан ары чыңдоо жана өлкөдө туруктуулукту камсыздоо жолунда маанилүү кадам.

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш социалдык-экономикалык өнүгүүдө, эл аралык интеграцияда жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракетин координациялоо үчүн натыйжалуу диалог аянтчасы болуп калды. Кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын (ТӨУС) кабыл алды, ал негизинен коомчулук тарабынан жактырылган өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук планы болуп калды.

Жигердүү өнүгүп жаткан экономиканы түзүү жана калктын кирешесин улам көбөйтүп туруу Өкмөттүн биринчи кезектеги милдети болуп эсептелет. Өкмөттүн программасы ТӨУСкө негизделип, жаңыдан пайда болгон жана ЕАЭБге кошулуунун алкагында мүмкүн болуучу чакырыктарга көрүлүүчү чараларды камтыйт, ошондой эле ага саясий партиялар сунуш кылган конструктивдүү идеялар киргизилди.

Азыркы этапта тышкы факторлордун, негизинен дүйнөдөгү жана ЕАЭБдин мейкиндигиндеги экономикалык өсүштүн темпинин басаңдашы менен артыкчылыктуу байланышкан тобокелдиктердин бар экендигин, демек - суроо-талаптын азайышын, эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмүнүн кыскарышын жана анын алмашуу курсуна таасирин тийгизишин эске алуу зарыл. Өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын тышкы жана ички тобокелдиктердин таасири астында иштөөгө даярдоо керек.


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу