Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

«Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 токтому (2017.03.03. өзгөртүүлөр менен)

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 токтому

(2017.03.03. өзгөртүүлөр менен)

 

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп:

- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган райондор, төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

- калган райондор жана шаарлар, төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирге ушул токтомдун 1-пунктунда каралган функцияларды жана ыйгарым укуктарды этап-этабы менен ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгында жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгында төмөнкүлөргө карата жүргүзсүн:

- жалданма кызматкерлери жок жеке ишкерлерге карата - 2015-жылдын 1-декабрынан тартып;

- жалданма кызматкерлери бар жеке ишкерлерге, жер үлүшүнө же анын бөлүгүнө ээ, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган жеке жактарга, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларына карата - 2016-жылдын 1-мартынан тартып;

- юридикалык жактарга жана юридикалык жакты түзгөн дыйкан (фермердик) чарбаларына карата - 2016-жылдын 1-майынан тартып.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү камсыздасын:


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу