Наши контакты     Новости     market@adviser.kg     +996 (312) 59-55-60, 91-03-76
  • Меню пользователя

  • Меню документа

    Инструменты
    Сохранить документ
    Распечатать
    Копировать в Word
    Показать комментарии
    Информация о документе
    Поиск по документу
    Язык документа
    Русский
    Размер шрифта
    Увеличить текст
    Уменьшить текст
    Cвязи
    Корреспонденты
    Респонденты
    Сообщить об ошибке
  • Меню сайта

Страница 1 из 2 | «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому (2017.13.03. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому

(2017.13.03. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелерине жана 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

КР Өкмөтүнүн 2011.09.11. № 706 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2017.17.02. № 109 токтомуна ылайык 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо;

- Балдардын тамак-аш продуктуларынын тизмеси;

- Окуу куралдарынын, мектепке таандык буюмдардын жана илимий басылмалардын тизмеси;

- Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси;

- Жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттардын тизмеси;

- Минералдык жер семирткичтердин тизмеси;

- Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын тизмеси;

- Асыл-тукум айыл чарба жаныбарларынын тизмеси;

- Үрөн материалдардын тизмеси.

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартиби.

2. КР Өкмөтүнүн 2011.09.11. № 706 токтомуна ылайык күчүн жоготкон (мур. ред. караңыз)

КР Өкмөтүнүн 2009.02.04. № 211 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2011.15.07. № 392 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2012.06.08. № 547 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2013.18.03. № 139 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2013.30.04. № 221 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2014.23.01. № 49 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2014.08.04. № 203 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2014.13.05. № 255 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2015.20.05. № 308 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2015.20.05. № 309 токтомуна ылайык (мур. ред. караңыз); 2017.17.02. № 109 токтомуна ылайык 3-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келчү төмөнкү акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары белгиленсин:

- ТЭИТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак, литри 70 сом өлчөмүндө;

- ТЭИТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери, литри 70 сом өлчөмүндө;

- ТЭИТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар, литри 60 сом өлчөмүндө;

- ТЭИТН 220430 товардык позицияларында классификациялануучу шараптар, литри 3 сом өлчөмүндө;


...

Нет доступа. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме.

Получить полный доступ к документу